Хафтер күчтөрүнө таандык учактар аскердик окуу жайдын жатаканасына кол салды

Халифе Хафтерге караштуу чет элдик согуштук учактардын аскердик окуу жайдын жатаканасына кол салуусунан 30 киши каза тапканы билдирилди.

1334836
Хафтер күчтөрүнө таандык учактар аскердик окуу жайдын жатаканасына кол салды

Ливияда төңкөрүшчүл генерал Халифе Хафтерге караштуу чет элдик согуштук учактардын аскердик окуу жайдын жатаканасына кол салуусунан 30 киши каза тапты.

Ливиянын чыгыш жагындагы төңкөрүшчүл террористтердин лидери Халифе Хафтерге караштуу согуштук учактардын борбор шаар Триполинин түштүк жагындагы Хадба аймагында орун алган аскердик окуу жайдын жатаканасына кол салуусунун себебинен 33 киши да жаракат алды.

Оорукананын жооптуу кызматкерлери каза болгондордун көбүнүн 18-25 жаш курагындагы курсанттардан турганын билдирди.

Ливиянын борбор шаары Триполи 10 айдан бери Халифе Хафтер террористтеринин кол салуусуна дуушар болуп келди.

Бул учурда Мамлекеттик жогорку кеңеши окуядан кийин өлкөдө аза күтүү жарыялады.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (ТУУЖ) кабыл алынган Ливияга аскер жөнөтүү уруксат документинен кийин борбор шаар Триполиде Түрк армиясынын Хафтер террористтеринин кол салууларын токтото турганы тууралуу чоң күтүүлөрү бар.



Тектеш кабарлар