АКШнын амфибия кемеси 2 миң аскери менен Жакынкы Чыгышка багыт алды

АКШнын «USS Bataan» аттуу амфибия кемеси декбарь айында 2100 аскерден турган 26-Деңиз жөө аскерлери тобу менен «Африка деңиз арстаны» машыгуусу үчүн жол тарткан жана өткөн аптада Мароккого жеткен болчу.

1334869
АКШнын амфибия кемеси 2 миң аскери менен Жакынкы Чыгышка багыт алды

АКШ флотуна таандык «USS Bataan» аттуу амфибия кемеси Африкадагы машыгуусун кийинкиге жылдырып Жакынкы Чыгышты көздөй багыт алды.

АКШ медиасында Ирандын Төңкөрүшчүл гвардиячыларына караштуу Кудс күчүнүн командири Касым Сүлейманинин АКШ тарабынан өлтүрүлүшүнөн кийин АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөп амфибия кемесиндеги 26-Деңиз жөө аскерлери тобу менен бирге Жакынкы Чыгышка багыттандырылганы орун алды.

«USS Bataan» аттуу амфибия кемеси декбарь айында 2100 аскерден турган 26-Деңиз жөө аскерлери тобу менен «Африка деңиз арстаны» машыгуусу үчүн жол тарткан жана өткөн аптада Мароккого жеткен болчу.

Мурдагы күнү АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) Ирандын Төңкөрүшчүл гвардиячыларына караштуу Кудс күчүнүн командири Касым Сүлейманинин Багдад аэропортуна жакын жерге жүргүзүлгөн операцияда  өлтүрүлгөнүн жарыялаган.

Ирандын диний лидери Айетуллах Али Хаманей болсо АКШнын кол салуусунун өчү алына турганын жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар