Ирандык генерал Сүлеймани өлтүрүлдү

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) жазуу түрүндөгү жарыясында жүздөгөн АКШлыктын өлүмү жана эң акыркы жолу Багдаддагы АКШнын Элчилигиндеги окуялар боюнча жооптуу көрүлгөн Ирандын алдыңкы командирлеринен Касым Сүлейманинин өлтүрүлгөндүгү маалымдалды.

1333847
Ирандык генерал Сүлеймани өлтүрүлдү

Ирандын Төңкөрүшчүл гвардиячылары армиясына караштуу Кудс күчүнүн командири, генерал Касым Сүлеймани Ирактын борбор шаары Багдадга жүргүзүлгөн Американын операциясы менен өлтүрүлдү.

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) жазуу түрүндөгү жарыясында жүздөгөн АКШлыктын өлүмү жана эң акыркы жолу Багдаддагы АКШнын Элчилигиндеги окуялар боюнча жооптуу көрүлгөн Ирандын алдыңкы командирлеринен Касым Сүлейманинин өлтүрүлгөндүгү маалымдалды.

Жарыяда Сүлейманини бутага алган ракетанын түздөн-түз президент Дональд Трамптын буйругу менен атылганы да белгиленди.

Анда, «Сүлеймани Ирак жана Американын атуулдарынын каза болушуна жана жаракат алышына алып келген 27-декабрдагы (акыркы) кол салуу менен кошо акыркы бир канча ай бою Иракта болгон кол салууларды күүлөгөн болчу. Генерал Сүлеймани бул апта АКШнын Багдаддагы Элчилигине карай кол салууларды да бекиткен ысым эле. Бул чабуул Ирандын келечектеги кол салууларынан баш тарттыруу максаты менен уюштурулду»,делди.

Ирактык жогорку рангадагы жооптуу кызматкерлер болсо кол салууда Сүлейманиден тышкары Шиит террорист тобу Хашди Шабинин командиринин орун басары Мехди эл-Мүхендис жана уюмдун аэропорт протоколунун жооптуусу Мухаммед Рыза менен катар 7 кишинин каза болгонун жарыялады.

АКШнын президенти Дональд Трамп болсо Пентагондун жарыясынан бир канча мүнөт кийин Твиттерден Американын желегин бөлүштү.



Тектеш кабарлар