БУУ Идлибдеги кол салуудан тынчсызданууда

БУУнун Вьетнам туруктуу өкүлү Данг Динх Куй Коопсуздук Кеңешинин бүгүн чукул түрдө чогуларын белгиледи.

1334255
БУУ Идлибдеги кол салуудан тынчсызданууда

 БУУ Идлибдин бомбаланышынан  терең санааркагандыгын билдирди.

БУУнун башкы катчысынын пресс – катчылыгынан берилген маалыматта : «БУУ 1 -  январда Сириянын түндүк – батышы Идлибдин Сармин отурукташуу жерине жасалган бомбалуу кол салууда бир топ аял жана баланын каза болгондугуна жана жаралангандыгына байланыштуу кабарлар тууралуу тынчсызданууда»,- деп билдирилди.

Маалыматта жерлеринен кеткен үй  - бүлөлөр үчүн баш калкалоочу жер болгон бир мектептин алдына бомбанын түшкөнүнө көңүлдөрдү буруп, бардык тараптар жарандардын коопсуздугу тууралуу керектүү кадамдарды таштоого чакырылды.

Бир тараптан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин январь айында жетекчилигин алып бара турган Вьетнам туруктуу өкүлү Данг Динх Куй БУУда өткөргөн пресс  - жыйынында Идлибдеги акыркы абалды сүйлөшүү үчүн Коопсуздук Кеңешинин бүгүн чукул түрдө чогуларын белгиледи.

Куй чукул чогулуу чакырыгынын Франция жана Британия тарабынан жасалгандыгын белгилеп БУУнун саясий иштерден жооптуу башкы катчысынын орун басары Росемари Ди Карло менен БУУнун гуманитардык иштерден жооптуу башкы катчынын орун басары Марк Лоукокко жабык отурумда кеңештин мүчөлөрүн Идлибдеги кол салуулар тууралуу маалымат берерин айтты.

Өлкөсүндө көптөгөн жылдардан бери согуш болуп жаткандыгын эске салган Куй : «Согуштун эмне экендигин мыкты билебиз. Ушул себептен Идлибге ок атышпоону жарыялап тынчтыкчыл жол менен чечилишин каалайбыз. Оболу жарандардын өлүмү токтотулушу керек»,- деди.



Тектеш кабарлар