Сел суулары бир канча шаарды каптап калды

Селден каза тапкандардын саны 30 кишиге жетти.

1333182
Сел суулары бир канча шаарды каптап калды

Индонезияда катуу жааган жамгырлар себеп болгон селден каза тапкандардын саны 30 кишиге жетти.

Өзгөчө кырдаалдар агенттиги тарабынан борбор шаар Жакарта, Депок, Бекаси, Тангеранг жана Богор шаарларында кечээ болгон селден каза тапкандардын саны 30 кишиге жеткендиги кабарланды.

Нөшөрлөр жааган жамгырлардын айрым аймактарда жер көчкү жана дарыялардын ташкындашына алып келгендиги, суу ташкындары кеминде 169 жерге таасирин тийгизгени белгиленди. Ошондой эле борбор шаардын жалпысында суу ташкындарынан кийин эвакуациялангандардын саны 31 миң кишиден ашкандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар