АКШ Иракка бир двизия аскер жиберет

АКШнын коргоо министри Марк Эспер Ирактагы окуялардан улам аймакка 82 -  аба батталионунан бир дивизия аскер жиберүүгө чечим чыгарышкандарын билдирди.

1332868
АКШ Иракка  бир двизия аскер жиберет

 АКШнын коргоо министри Марк Эспер Ирактагы окуялардан улам аймакка 82 -  аба батталионунан бир дивизия аскер жиберүүгө чечим чыгарышкандарын билдирди.

Твиттер эсебинен маалымат берген Эспер : «750гө жакын аскер аймакка барат жана Чукул Кийлигишүү Күчүнөн кошумча күчтөр да алдыбыздагы күндөрдө даяр болот»,- деди.

Аскер жиберүүнүн алдына алуу максатында экендигин белгилеген Эспер : «Аскер жиберүү бүгүн Багдатта күбө болгонубуздай АКШ кызматкер жана комплекстерине карата коркунуч деңгээлинин артышына жооп катары көрүлгөн эң ылайыктуу жана алдына алуу чечими»,- деди.

Пентагон өзгөчө шиит куралдуу күчү Хашди Шаби жактоочуларынын Багдатта АКШ элчилигине кирүү аракетинен кийин элчиликке кошумча күч жиберилгендигин белгилеп, Ирак өкмөтүнө эл аралык милдеттерин орундатып Америка миссиясын коргоого чакырган.

АКШ башкаруусунун Хашди Шабиге караштуу Кетаиб Хизбуллах уюмуна карата жасалган кол салууга каршы чыгууну каалаган жүздөгөн киши эрте мененки сааттарда Багдаттагы АКШ элчилигинин алдында чогулган.

Митингчилер Багдатта өкмөт имараттары жайгашкан Жашыл аймактагы АКШ элчилигинин каалгасын сындырып, АКШга каршы ураандар менен элчилик имаратына кирген.



Тектеш кабарлар