Россия менен Украина жаратылыш газ тууралуу келишти

Алексей Миллер Украина менен Россиянын ортосунда транзит жаратылыш газ келишиминин узартылышы тууралуу келишимге кол коюлгандыгын билдирди.

1332489
Россия менен Украина жаратылыш газ тууралуу келишти

Газпромдун төрагасы Алексей Миллер Украина менен Россиянын ортосунда транзит жаратылыш газ келишиминин узартылышы тууралуу келишимге кол коюлгандыгын билдирди.

Миллер Россия жана украиналык жетекчилердин арасында Австриянын борбор шаары Венада 5 күндөн бери болуп келе жаткан сүйлөшүүлөрдөн кийин журналисттерге маалымат берди. Өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийинРоссия менен Украинанын ортосундагы жаратылыш газ келишимине байланыштуу акыркы чечимдин чыгарылгандыгын белгилеген Миллер : «Россия менен Украинанын ортосунда көп сандаган келишимгекол коюлду. Бул келишимдер тараптардын кызыкчылыктарына байланыштуу тең салмактуулукту кайрадан алып келген келишим пакети»,- деди.

Келишимдердин Россия менен Укрианынын ортосундагы транзит жаратылыш газ келишиминин узартылышын да камтыгандыгын белгилеген Миллер : «Бүгүндөн баштап бул келишимдер мыйзамдуу абалга келип жатат жана Россия газы 2019 -жыл 31 -декабрдан кийин Украина аркылуу өткөрүлөт»,- деди.

Украинанын президенти В. Зеленскийда соцтармак фейсбуктан берген маалыматында өлкөсү менен Россиянын ортосунда түзүлгөн жаратылыш газ келишиминин 5 жылдык экендигин белгилеп : «Транзиткелишимдин негизинде бул мезгилде 7 миллиард доллардан ашуун киреше күтүп жатабыз. Эки тараптын да келишимди 10 жылга узартуу укугу бар. Келишим боюнча Украина аркылуу биринчи жылы 65 миллиард метр куб, кийинки мезгилде жылдык 40 миллиард метр куб жаратылыш газ өткөрүлөт»,- деди.

Украина менен Россиянын ортосунда жаратылыш газ өткөрүүгө жана Россия газынын Украина аркылуу Европага жиберилишине байланыштуу транзит келишимдин жарактуулук мөөнөтү бүгүн акырына чыгат.



Тектеш кабарлар