Афгастанда жарылуу болду
Жарылууда 4 киши каза болду.
1332665
Афганстандын түштүгүндөгү Гельманд шаарынын Нава районунда жол жээгине жайгаштырылган бомбанын жарылышы менен 4 киши каза болду.
Гельманд губернаторунун катчысы Өмер Зувак Наванын Сурхдуз аймагында жол жээгине жайгаштырылган бомбанын мотоцикл өтүп бара жаткан учурда жардырылышы менен 4 жарандын каза болгондугун билдирди.
Каза болгондордун арасында 2 баланын да бар экендигин айткан Зувак бомбанын аймакка Талибан тарабынан жайгаштырылгандыгын айтты. Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.