Иран, Орусия жана Кытайдын деңиз флоттору биргелешкен машыгуу өткөрүүдө

Биргелешкен машыгуу 4 күнгө созулат.

1330567
Иран, Орусия жана Кытайдын деңиз флоттору биргелешкен машыгуу өткөрүүдө

Иран, Орусия жана Кытайдын флоттору Араб деңизи жана Инди океанынын түндүгүндө биргелешкен машыгуу өткөрүшүүдө.

Ирандын расмий Tesnim агенттигинин кабарына караганда Иран, Орусия жана Кытайдын флотторунун Инди океанынын түндүгү жана Араб деңизинде 17 миң чарчы метрдик аянтты камтыган аймакта баштаган машыгуусу 4 күнгө созулат.

«Деңиздин коопсуздук куру» аттуу машыгуунун максаты, эл аралык деңиз соодасынын коопсуздугун күчтөндүрүү, каракчылар менен күрөшүү, деңиз терроризми, издөө-куткаруу тармактарында маалымат бөлүшүү жана тактикалык операцияларда тажрыйба алмашуу экени белгиленди.



Тектеш кабарлар