Трамп башкаруучулугу Түркияга санкция киргизгиси келген Сенатка каршы чыкты

Дональд Трамп башкаруучулугу, санкция долбоорунун мыйзамдашкан учурунда Түркия-АКШ коргонуу соодасынын толугу менен соңуна чыга турганын жактады.

1328693
Трамп башкаруучулугу Түркияга санкция киргизгиси келген Сенатка каршы чыкты

АКШда президент Дональд Трамп башкаруучулугунун Орусия менен С-400 келишимин түзгөн Түркияга санкция киргизүүсүн көздөгөн мыйзам долбооруна каршы чыкканы белгилүү болду.

АКШ борборлуу кабар барагы Daily Beast, Мамлекеттик департаментинин Түркияга (Орусиядан С-400 ракеталык коргонуу системасын сатып алуу) себебинен санкция киризүүнү көздөгөн жана Сенаттын бекитүүсүн күткөн мыйзам долбоору тууралуу сенаторлорго жөнөткөн 7 барактык жазууну таап алды.

Буга караганда президент Дональд Трамп башкаруучулугу, бул долбоордун мыйзамдашкан учурунда Түркия-АКШ коргонуу соодасынын толугу менен соңуна чыга турганын жактады.

Ушундайча бир мыйзам менен Түркия-Орусия карым-катнаштарынын дагы да илгерилетиле турганы же Түркиянын куралдар үчүн «берки душман курал камсыздоочуларына» багыттала турганына көңүл буруп жазылган жазууда, «Бул мыйзам бир эле убакта Түркияга НАТОдон четке кагылган сыяктуу мамиле кылуу болуп саналат» деген серебин салды.

Сөз болгон документте айрыкча Сирияда, «Американын аскерлери менен катарлаш согушкан күрт аскерлери» деп аталган жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК жана (Сирия демократиялык күчтөрүнө (СДК) мүчө террористтерге «атайын көчмөн визасын» берилишине карата мыйзам долбооруна каршы чыгылды.

АКШ Сенатынын Тышкы байланыштар комитети Түркияга Орусиядан С-400 алганы жана Сириядагы кадамдарынан улам санкцияны көздөгөн мыйзам долоорун 11-декабрда бекиткен.

Түркияга санкция ишке ашыруусун көздөгөн башка бир долбоор болсо 29-октябрда Өкүлдөр палатасында кабыл алынган.

Сенаттын жалпы жыйынында да кабыл алынган учурунда Сенат менен Өкүлдөр палатасындагы санкция долбоорунун Трамптын алдына бара электе бириктирилиши керек.



Тектеш кабарлар