Орусиянын Идлибге карата кол салууларында 9 жаран каза болду

Орусия учактары өзгөчө жарандардын бомбаланган жерлерден Сирия  -  Түркия чек арасына жакын аймактарга качуу багыттарын да аткылады.

1328040
Орусиянын Идлибге карата кол салууларында 9 жаран каза болду

Орусиянын Идлиб араздашууну азайтуу аймагына  карата жасаган кол салууларында 9 жаран каза болду.

Оппозициячылдарга таандык  учак байкоо үйүнүн билдиргенине караганда Орусияга таандык аскердик учактар кечээ кечки сааттарда Маарратүннуман районунун Жержезан, Тел Меннис, Масаран, Дери Гарби, Гадафа, Хан ес Сүбүл жана Баббила айылдарына кол салды.

Идлиб жарандык коргоо топторунан алынган маалыматка караганда Орусиянын кол салууларында Маарратүннуман районунда 4, Масаран айылында 5 киши болуп жалпы 9 киши каза болду.

Орусия учактары өзгөчө жарандардын бомбаланган жерлерден Сирия  -  Түркия чек арасына жакын аймактарга качуу багыттарын да аткылады.

Башар Асад режими да Серакиб району, Кефренбил, Кеферрума жана Кенсафра аймагы менен Маргурин, Мардебсе, Баболин, Маранд, Дейр Шарки жана Кеферавид айылдарына абадан кол салды.

Дээрлик баары бошогон отурукташуу жерлеринде каза болгон же жаралангандар болгон жок.



Тектеш кабарлар