Индиянын Атуулдук мыйзамы мусулмандарды кемсинтүүдө

Дүйнөлүк Мусулман аалымдар биримдиги Индия өкмөтүн өзгөртүлгөн Атуулдук мыйзамынан баш тартуу чакырыгын салды.

1328124
Индиянын Атуулдук мыйзамы мусулмандарды кемсинтүүдө

Дүйнөлүк Мусулман аалымдар биримдиги Индия өкмөтүн 6 диний топко атуулдук жолун ачкан, бирок ошондой эле абалдагы мусулман мигранттарды мунун тышында калтырган Атуулдук мыйзамынан баш тартуу чакырыгын салды.

Биримдиктин жазуу түрүндөгү жарыясында талаштарга себеп болгон Атуулдук мыйзамы «Мусулмандарга каршы квалификациялуу кемсинтип бөлүүчү мыйзам» деп мүнөздөлүп мунун сүргүн жана жек көрүү кылмыштарынын жолун ача турганы менен эскертилди.

Жарыяда айрыкча өлкөдө мыйзамдуу укуктарын талап кылган тынчтыкты жактаган митингчилердин өлтүрүлүшү айыпталды.

Дүйнөлүк Мусулман аалымдар биримдиги, БУУ жана берки адам укуктары мекемелерине бул коркунучтуу бурулушка каршы мыйзамдуу жана экономикалык жолдордон каршы чыгуу чакырыгын салды.

Индияда Атуулдук мыйзамына каршы уюштурулган митингдерде митингчилер менен полициянын ортосунда чыккан кагылышууларда акыркы 4 күндө 23 киши каза тапты. Жума күнүнөн бери 600дөн ашуун киши камакка алынды. Ушундайча камакка алынгандардын саны 4 миңге жетти.

Өлкөнүн ар кайсы провинцияларында 2014-жылдын 31-декабрынан мурда өлкөгө кирген мусулман эмес мигранттарга атуулдук берилишине мүмкүнчүлүк берген, бирок ошондой эле абалдагы мусулмандарды мунун тышында калтырган мыйзамга каршы 11-декабрдан бери нааразылык акциялары уланууда.

Күчүнө кирген мыйзамдын алкагында өзгөчө Пакистан, Бангладеш жана Оооганстандан Индияга өткөн буддист, сикх, жаин, парси, индуист менен христиандар өздүк документтерин көрсөтүп жана Индияда 6 жылдан көп жашагандарын далилдеген учурунда атуулдук ала алышат, ошондой эле абалдагы мусулмандар болсо мунун тышында калтырылган.



Тектеш кабарлар