Нью - Йоркто дүйнөнүн эң эски дарак фосилдери табылды

БиБиСинин кабарына караганда Нью – Йорктун Каире  кыштагында ээн калган бир шахтада 386 миллион жылдык дарактардын фосилдери табылды.

1327095
Нью  -  Йоркто  дүйнөнүн  эң эски дарак фосилдери табылды

 Дүйнөнүн эң эски дарак фосилдери АКШнын Нью – Йорк шаарында табылды.

БиБиСинин кабарына караганда Нью – Йорктун Каире  кыштагында ээн калган бир шахтада 386 миллион жылдык дарактардын фосилдери табылды.

Британиядагы Кардифф университети АКШ Бингемтон университети жана Нью – Йорк аймактык музейинен адистер Гудзон  өрөөнүндөгү Катскилл кырка тоолорунун этектеринде 10 жылдан бери жүргүзгөн изилдөөдө аймактагы токойдун 3 миң метр квадраттык бөлүгүнүн картасын чыгарды.

Токойдо Cladoxylopsids жана Archaeopteris деп аныкталган 2 түрдүү даракты  тактаган илимпоздор үчүнчү бир дарак түрүн болсо азырынча такташа элек.

Абдан чоң болгон токойдун Пенсильвания аймагынын ары жагына чейин баргандыгын болжолдогон илимпоздор фосилдердин дарактардын эвалюцияга жарык чачарын белгиледи.

Шахтадан табылган балык фосилдерин да тапкан иликтөөчүлөр токойдун бир селде жок болгондугун болжолдошууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар