Нигерияда болгон сел 51 миң кишини үйсүз калтырды

Селде 4 миң 370 үйдүн суу астында калгандыгы, миңдеген гектардык дыйканчылык аянтынын да зыян тарткандыгы белгиленди.

1326979
Нигерияда болгон сел 51 миң кишини үйсүз калтырды

Нигериянын түндүгүндө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп 51 миң киши үйсүз калды.

Чукул абалдарды башкаруу агенттигинин башкы директору Принцвилл Айим Кросс Ривер аймагынын Боки, Етунг, Биас, Калабар аймактарында чоң чыгымга  жол ачкан сел апаатынан улам 51 миңге жакын кишинин үйсүз калгандыгын белгиледи.

Айим селден улам көп сандаган кишинин каза болгондугун, 4 миң 370 үйдүн суу астында калгандыгын, миңдеген гектардык дыйканчылык аянтынын да зыян тарткандыгын белгиледи.

Аймакта селден жабыр тарткандар үчүн убактылуу лагерь курулгандыгын жана элге гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн иштердин баштатылгандыгын айткан Айим селден улам холера жана ысытма сыяктуу жугуштуу оорулардын да чыга баштагандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар