Идлибдеги кол салууларда каза болгондордун саны 13кө жетти

Кол салуулар көп болгон аймактардан тынч жана өзгөчө Түркия чек арасына жакын жерлерге көчкөндөрдүн саны акыркы бир жылда 1 миллиондон ашты.

1326835
Идлибдеги кол салууларда каза болгондордун саны 13кө жетти

Сирияда Башар Асад режими жана Орусиянын Идлибдеги отурукташуу жерлерине жасаган кол салууларында каза болгон жарандардын саны 13кө жетти.

Асад режими жана колдоочусу Орусиянын кечээ эрте менентен бери Идлиб араздашууну азайтуу аймагындагы жарандык отурукташуу жерлерине жасалган кол салууларында эң аз 40 жаран жараланды.

Оппозициячылдарга таандык учак байкоо үйүнүн билдиргенине караганда Орусиянын аскердик учактары да Мааретинуман элети, Серакиб району, Мааршурин, Хан Ес Сүбүл, Дейр Гарби, Семке жана Мердих айылдарын атты.

Идлиб жарандык коргонуу топторунан берилген маалыматка караганда Мааретинуманда 6, Мердих айылында 4, Дейр Сүнбүлдө 2 жана Хан Ес Сүбүлдө бир жаран болуп жалпы 13 жаран каза болду жана эң аз 40 жаран жараланды.

Түркия менен Орусиянын ортосунда 2018 -  жылы 17 -  сентябрда кол коюлган меморандумдан бери Идлиб араздашууну азайтуу аймагында режим жана Орусиянын кол салууларында 1300дөн ашуун жаран каза болду.

Кол салуулар көп болгон аймактардан тынч жана өзгөчө Түркия чек арасына жакын жерлерге көчкөндөрдүн саны акыркы бир жылда 1 миллиондон ашты.

 



Тектеш кабарлар