Google жана сервистеринде кызмат бериле албады
Маселенин негизинде колдонуучулар издөө моторун колдоно албады.
![Google жана сервистеринде кызмат бериле албады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5c2a/cf3d/698f/5cb9a58df35dd.jpg?time=1718853463)
Борбору АКШ болгон технология гиганты Google сервислеринде жеткиликтүү кызмат бериле албады. Маселенин негизинде колдонуучулар издөө моторун колдоно албады.
Googlдын YouTube, Gmail жана Drive сыяктуу сервистеринде да кызмат бериле албады. Google жана Googlга караштуу сервистер бир канча убакыт Түркияда да кызмат бере албады. Бул маселе Түркия убактысы боюнча саат 11:44тө чечилди.
Түркия тышында Греция менен Болгария да араларында болгон Чыгыш Европа аймагында да бул маселе чыкты.
Германия, Британия, Португалия жана Швейцария араларында болгон Европанын кээ бир аймактарында болсо Германия, Британия, Португалия жана Швейцария араларында болгон Европанын айрым бөлүктөрүндө байкалды. Келген маалыматтарга караганда Азиядагы айрым өлкөлөрдө да бул маселе чыкты.
Бул маселенин булагы азырынча тактала элек. Googlдын кыска убакыттын ичинде бул тууралуу маалымат бериши күтүлүүдө.