Орусия менен Асад режими деңизде биргелешкен машыгуу өткөрүүдө
Бул туурасында машыгуунун командири Александр Юлдашев билдирди.
![Орусия менен Асад режими деңизде биргелешкен машыгуу өткөрүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/19c2/c83b/4c30/5ad9be9a47f08.jpg?time=1718790947)
Орус флоту менен Дамаск режимине таандык деңиз күчтөрү Чыгыш Жер Ортолук деңизде биргелешкен машыгуу баштады.
Машыгуунун командири адмирал Александр Юлдашев орус басма сөзүнө берген маалыматында, машыгууга орус согуштук кемелери, Хмеймим базасынан согуштук учактар, аскердик катерлер, Сирия тарабынан болсо мина издөөчү кемелердин катышкандыгын кабарлады.
Деңизде замбирек атуулар жана биргелешкен машыгуулар боло турганын айткан Юлдашев, мыйзамсыз куралдуу топтор менен учкучсуз учуучу аппараттарга каршы күрөшүү темасында иш-аракеттер жүргүзүлө турганын билдирди.
Машыгууга катышкан кызматкер, кеме жана учактардын саны менен машыгуунун мөөнөтү тууралуу маалымат берилген жок.
Сириядагы Тартус деңиз базасы жана Хмеймим аба базасында 2015-жылдан бери орус согуштук кемелери менен учактары жайгашып келет.
Тектеш кабарлар
![Израиль күчтөрү Батыш Шериада зулумдугун улантууда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/3f67/29b3/2e02/667280a505092.jpg?time=1718790948)
Израиль күчтөрү Батыш Шериада зулумдугун улантууда
Израиль аскерлери жүргүзгөн рейддерде 1 палестиналык өлтүрүлүп, көп сандаган палестиналык жараланды.