Афганстанда бомбалуу кол салуу болду
Кол салууда 18 киши жараланды.
1324779
Афганстандын түндүгүндөгү Белх аймагынын борбору Мезар – ы Шериф шаарында велосипедге жайгаштырылган бомбанын жардырылышы менен 18 киши жараланды.
Белх коопсуздук директорлугунун катчысы Адилшах Адил Анадолу агенттигине берген маалыматта Мезар - ы Шерифтин Алкозай кесилишинде велосипедге жайгаштырылган бомбанын МАИ унаасы аймактан өтүп бара жатканда жардырылгандыгын айтты. Кол салууда 12 жаран жана 6 полициянын жаралангандыгын айткан Адил кол салуу тууралуу териштирүүнүн баштатылгандыгын белгиледи. Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.