Орусиянын курал сатуусунда өсүү болду

Путин, чет мамлекеттер менен аскердик техникалык кызматташтык комиссиясынын жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын курал соодасы тууралуу маалыматтарды берди.

1324375
Орусиянын курал сатуусунда өсүү болду

Орусиянын президенти Владимир Путин, быйыл курал экспортунун өткөн жылга салыштырамлуу улам артып 13 миллиард долларга жеткенин айтты.

Путин, чет мамлекеттер менен аскердик техникалык кызматташтык комиссиясынын жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын курал соодасы тууралуу маалыматтарды берди.

Орусиянын курал жана аскердик шайман экспортунун артканына көңүл бурган Путин: «Быйыл 13 миллиард доллар баасына жеткен курал сатылды. Бул сан өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 2 миллиард доллардан дагы көп. Санкцияларга жана кара ниет атаандаштыктын артканына карабастан глобалдык курал базарында Орусиянын позициясы дагы да күчтөнөт»,-деп жазды.

Путин, быйыл чет өлкөлөрдүн Орусияда уюштурулган ар башка фирмаларда коргонуу өнөр жайынын ийгилиги менен таанышканын белгиледи.

Бул жарманкелерде бешинчи муундагы Су-57 үлгүсүндөгү согуштук учактын, Ми-38Т үлгүсүндөгү оор жүк ташуу тик учак жана төртүнчү муундагы орто аралыкка учуучу учак атуучу ракета системасы «Викинг» сыяктуу аскердик шайман жана куралдардын таанытылганын түшүндүргөн Путин: «Бул жарманкелерде орто эсеп менен 35 миллиард рублдык (558 миллион доллар) келишимге кол коюлду. Жалпысынан Орусиянын куралдарынын заказ порфели ырааттуу деңгээлде турат жана 50 миллиард доллардан ашат»,-деди.

Путин, курал сатуу темасында Африка материги менен кошо Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун мүчөлөрү, КМШнын мүчөлөрү жана берки салттык өнөктөштөргө маани берилиши керектигин баса белгилеп, Африка өлкөлөрүнө карай ылайыктуу жана ийкемдүү төлөм шарттарында курал сатуу боюнча иштөөсүн талап кылды.



Тектеш кабарлар