Филиппиндердеги жер титирөөдө каза болгондордун саны 3кө жетти
Жетекчилер имараттын урандысынын астында калган дагы 7 кишинин бар экендигин билдиришти.
Филиппиндердин Минданао аралында кечээ болгон 6,8 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 3кө жетти.
Жетекчилер Давао дел Сур аймагында кечээ болгон жер титирөөдө Падада кыштагында кулаган 3 кабаттуу маркет имаратынын урандысынан 2 кишинин жансыз денесин чыгарылышы менен каза болгондордун саны 3кө жеткендигин белгилешти.
Жетекчилер имараттын урандысынын астында калган дагы 7 кишинин бар экендигин билдиришти.
Өрттөн коргоо бюросу бул имараттын урандысынан 6 кишинин куткарылгандыгы тууралуу маалымат берди. Аймакта жер титирөөдөн кийинки биринчи 4 саттын ичинде эң аз 179 силкинүүнүн болгондугу белгиленди.
Жер титирөөдө 84 кишинин жаралангандыгын маалымдаган жетекчилер полиция, аскер жана өрт өчүргүчтөр катышкан издөө – куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын билдиришти.