АКШ менен Кытайдын жашыруун тирешүүсү

Нью-Йорк Таймс гезити Кытайдын Вашингтондогу Элчилигинде кызмат кылган эки дипломатты сентябрь айында АКШнын жашыруун түрдө өлкөдөн чыгарганын жазды.

1323770
АКШ менен Кытайдын жашыруун тирешүүсү

Нью-Йорк Таймс гезити Кытайдын Вашингтондогу Элчилигинде кызмат кылган эки дипломатты купуялуу аскердик базага унаалары менен уруксатсыз киргендиги үчүн сентябрь айында АКШнын жашыруун түрдө өлкөдөн чыгарганын жазды.

Нью-Йорк Таймс гезитинин кабарында Кытайдын Вашингтондогу Элчилигинде кызмат кылган эки дипломаттын жубайлары дагы орун алган унаа менен барган Виргиния штатындагы аскердик базанын текшерүүчү пунктунда токтобой жолун улантканы белгиленди.

Андан соң өрт өчүргүч унаалары менен жолу торолгон унаадагы дипломаттардын америкалык жооптуу кызматкерлерге англис тилиндеги буйруктарын түшүнбөгөндөрүн жана адашып кеткендерин айтканы маалымдалды.

АКШлык жооптуу кызматкерер болсо болгон окуянын анчалык жөнөкөй болгонуна ишенбегендерин жана кытайлык дипломаттардын коопсуздукту сынаш үчүн базага кирүүгө аракет кылган болушу мүмкүн экенин билдирди.

Сентябрь айында кытайлык дипломаттардын жашыруун түрдө Вашингтондон кубаланышынын АКШ тараптан дагы Кытай тараптан дагы күн тартипке чыгарылбаганын жазган гезиттин маалыматында, сөз болгон абалдын АКШнын президенти Дональд Трамп башкаруучулугуна Кытайдын АКШда тыңчылык аракеттерин кеңейткени жөнүндөгү санааркоолорду арттырганына көңүл бурду.

АКШнын эң акыркы жолу 1987-жылы Кытайдын Вашингтондогу Элчилигинде кызмат кылган 2 дипломатты өлкөдөн чыгарганын эске салган кабарда, АКШлык жооптуу кызматкерлер Вашингтондун тыңчылык темасында Кытайга каршы дагы катуу мамиле көрсөткөнүн ортого салды.



Тектеш кабарлар