Афганстанда коопсуздук күчтөрү менен Талибандын ортосунда кагылышуу болду
Кагылышууда үч коопсуздук кызматкери каза болду.
Афганстандын Гор аймагында Талибан куралдуу күчтөрү менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда чыккан кагылышууда үч коопсуздук кызматкери каза болду.
Гори губернатору Насыр Хази массалык маалымат каражаттарына берген маалыматта коопсуздук күчтөрүнүн Девлетяр районунда Талибанга каршы жүргүзүлгөн операция учурунда кагылышуунун чыккандыгын айтты.
Кагылышууда үч коопсуздук кызматкеринин каза болгондугун белгилеген Хази 9 коопсуздук кызматкеринин жаралангандыгын айтты. Хази кагылышууда 23 террористтин жок кылынгандыгын жана жүргүзүлгөн операцияда Талибандын тешкерүүсү астындагы бир канча айылдын тазалангандыгын баса белгиледи.
Талибандан азырынча бул тууралуу маалымат келе элек.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718777569)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.