80 жыл бирге жашаган жубайлар

105 жаштагы Шарлотта менен 106 жаштагы Жон үйлөнгөндөрүнүн 80 жылдыгын белгилешет.

1324045
80 жыл бирге жашаган жубайлар

АКШда жашаган дүйнөдөгү эң картаң жубайлар болгон Жон менен Шарлотта Хендерсон үйлөнгөндөрүнүн 80 жылдыгын белгилешет.

«Вашингтон Пост» гезитинин кабарына караганда, үйлөнгөндөрүнө 80 жыл болгон 105 жаштагы Шарлотта менен 106 жаштагы Жон дүйнөдөгү эң узак чогуу жашаган жубайлар болуп саналат.

Хендерсон жубу эң картаң жубайлар катары Гиннесстин Рекорддор китебине да кирди.

1934-жылы Техас университетинде таанышкан жана 1939-жылы үйлөнгөн жубайлар, 22-декабрда үйлөнгөндөрүнүн 80 жылдыгын белгилешет.



Тектеш кабарлар