Иракта кош кол салуу болду

Кол салууда 15 киши каза болду.

1322957
Иракта кош кол салуу болду

Ирактын Салахаддин жана Дияла аймактарында жасалган 4 башка бомбалуу кол салууда 15 киши каза болду. Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Салахаддинге караштуу Самарра шаарындагы Хашди Шабинин көзөмөлүндөгү жерге бомба жайгаштырылган унаа менен жан кечтилик кол салуу жасалды. Кол салууда Хашжи Шабинин 11 мүчөсү каза болду.

Бир тараптан Салахаддин аймагынын түндүгүндөгү Кынус айылынын жакындарында жолго жайгаштырылган бомбанын жарылышы менен башталгыч мектептин 3 окуучусу каза болду.

Дияла аймагынын түштүгүндөгү Бехрез аймагында да бомба жайгаштырылган бир мотоциклдын жардырылышы менен бир киши каза болуп, эки киши жараланды.

Кол салуунун жоопкерчилигин ушу кезге чейин эч ким моюнга албастан аймакта андан мурда да ушуга окшогон окуялардын болушунан улам кол салуучулардын ДЕАШ террористтери болушу мүмкүн экендиги белгиленүүдө.

ДЕАШ террордук уюмунун Ирактан тазаланганышынан 2 жыл өткөндүгүнө карабастан уюм өзгөчө Керкүк, Дияла, Салахаддин жана Мусул аймактарынын элет жерлерине кээ кээде кол салууда.

 



Тектеш кабарлар