Афганстанда алтын кенинде көчкү болду
Көчкүдө 5 киши каза тапты.
1322240
Афганстандын түндүк чыгышындагы Бадахшан аймагынын Рагистан районунда бир алтын кенинде болгон көчкүдө 5 киши каза болду.
Бадахшан губераторлугун катчысы Ник Мухаммед Назари Рагистан районундагы алтын кенинде жумушчулар иштеп жаткан учурда көчкүнүн болгондугун билдирди.
Назари алгачкы белгилөөлөргө караганда 5 жумушчунун да жаралангандыгын, 35 жумушчунун көчкү астында калгандыгын жана изилдөө - куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын белгиледи.