Францияда Макронго каршы митингдер уланып жатат

Алты күндөн бери уланып жаткан иш таштоо жана митингдер өлкөдө жашоого терс таасирин тийгизди.

1321253
Францияда Макронго каршы митингдер уланып жатат

Францияда президент Эммануэль Макрон жетекчилигинин пенсиялык реформасына, баш калаа Париж менен катар бир канча шаарда каршылык көрсөтүлдү.

Орто эсеп менен 800 миң кишинин катышуусунда бейшемби күнү башталган жана алты күндөн бери уланып жаткан иш таштоо жана митингдер өлкөдө жашоого терс таасирин тийгизди. Авиакомпаниялар иш таштоонун себебинен учак каттамдарынын 20 пайызынын токтогонун билдирсе, поезд каттамдарынын бештен бири гана ишке ашууда.

Борбор шаар Париж менен катар Марсель, Бордо, Ренн, Лилль жана Лион сыяктуу чоң шаарларда да эл Макрондун саясаттарына каршы көчөлөргө чыгышты.

Профсоюздар өкмөттүн пенсиялык реформа чечиминде артка кадам таштамайынча митингдердин жана иш таштоолордун мөөнөтсүз улана тургандыгын билдиришти.

Бул реформа пенсияга чыгууда кызматкер менен жумушчу айырмачылыгын жоюуну, пенсияга чыгуунун курагын 62 жаштан 64 жашка жогорулатууну көздөөдө жана ондогон секторго терс таасирин тийгизүүдө.



Тектеш кабарлар