Ирактын борбор шаары Багдатта жогорку деңгээлде чаралар көрүлдү

Багдатта өкмөт имараттары жайгашкан Жашыл аймакта коопсуздук чаралары эң жогорку деңгээлге чыгарылды

1320844
Ирактын борбор шаары Багдатта  жогорку деңгээлде чаралар көрүлдү

Ирактын борбор шаары Багдатта бүгүн өткөрүлүшү күтүлгөн «Миллиондук митингден» мурда жогорку деңгээлде коопсуздук чаралар көрүлдү. Өлкөнүн Кербела, Нежеф жана башка түштүк шаарларынан жүздөгөн киши митингге катышуу үчүн Багдатка барды. Багдатта өкмөт имараттары жайгашкан Жашыл аймакта коопсуздук чаралары эң жогорку деңгээлге чыгарылды. Аймактын тегерегинде көп сандаган аскер күзөткө турду.

Борбор шаардагы аскердик текшерүү жерлеринин көбөйүшү да көңүлдөрдү бурууда. Багдаттын борборундагы Тахрир аянтында  өткөрүлүшү күтүлгөн «Миллиондук митингден» мурда митингдерди уюштургандар тарабынан жасалган чакырууларда митингдердин тынчтыкчыл болушу жана Жашыл аймакка өтүү үчүн шарттардын кыйын болбошу талап кылынды.

Хашди Шабиге караштуу Асайиб Эхлилхак кыймылынын лидери Кайс Хазели өткөргөн пресс  - жыйынында күтүлгөн кенен масштабдуу митингдер каналы менен Багдатта хаостун болушунун каалангандыгы жана бул ишке аша турган болсо өлүмдөрдүн артаары тууралуу эскертти.



Тектеш кабарлар