Түндүк Корея Трампка каршылык көрсөттү

Ким Ён Чхоль «Трамп сабырсыз, акылсыз жана туруксуз картаң адам»

1320269
Түндүк Корея Трампка каршылык көрсөттү

Твиттер баракчасынан Пхеньян жетекчилигинин душман сыяктуу мамиле кылган учурунда жогото турчу көп нерсеси бар экенин билдирген АКШнын президенти Трампка Түндүк Корея каршылык көрсөттү.

Түндүк кореялык мурунку сүйлөшүүчү жана жогорку даражалуу кызматкер Ким Ён Чхоль, өлкөсүнүн жогото турчу бир нерсеси болбогондуктан АКШнын кысым көрсөтүүсүнө моюн сунбай тургандыгын белгилеп, Трампты «сабырсыз, акылсыз жана туруксуз картаң адам» деп сыпаттады.

Ким Ён, Трамптын Түндүк Корея тууралуу көп нерсени билбегенин, жогото турчу эч нерселери жок экенин баса белгиледи. Ким Ён Чхоль өткөн жылы Вашингтонго барып саммитке даярдык учурунда президент Трамп менен эки жолу жолуккан болчу.

Трамп Твиттер баракчасынан: «Ким Чен Ын өтө акылдуу жана эгерде душман сыяктуу мамиле кыла турган болсо негизи жогото турчу көп нерсеси бар. Сингапурда мени менен Ядролук куралдардан тазалануу келишимине кол койгон эле» деп бөлүшкөн болчу.



Тектеш кабарлар