Европа кеңеши Түркияга болгон колдоосун улантат

Мария Бурич: «Түркиянын терроризмге каршы күрөшүүсүн түшүнүү менен кубаттайбыз»

1320215
Европа кеңеши Түркияга болгон колдоосун улантат

Европа кеңешинин баш катчысы Мария Пейчинович Бурич, Түркиянын терроризмге каршы күрөшүүсүн түшүнүү менен кубаттагандарын айтты.

Бурич Стамбулда өткөрүлгөн «Адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруу жана отчетун колдоо долбоорунун» ачылышындагы сөз сүйлөөсүндө, адам укуктары тармагында Түркияга колдоо көрсөтүүнү жана кызматташууну уланта тургандарын билдирди.

Фетуллахчы террор уюмунун 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинин, Түркиянын демократиялык мекемелерине багытталган кол салуу экенин баса белгилеген Бурич: «Биз Европа кеңеши катары дароо каршылык көрсөттүк. Адам укуктарынын, демократиянын, укуктук үстөмдүгүнүн маанисине ишенебиз. Мүчө мамлекеттер катары баардыгыбыз ушул максаттар үчүн аракет кылып жатабыз. Түркиянын терроризмге каршы күрөшүүсүн түшүнүү менен кубаттайбыз»,-деп айтты.

Европа Биримдигинин Түркия делегациясынын төрагасы Кристиан Бергер болсо, Түркиянын биримдиктин маанилүү өнөктөшү болуусун уланта турганын айтып: «Түркия менен өзгөчө качкындар, террор менен күрөшүү, экономика жана соода сыяктуу тармактарда түзүлө турчу кызматташтыктар жана бул тармактарда жылыш болушу өтө маанилүү»,-деди.



Тектеш кабарлар