Иранда сасык тумоодон 81 киши каза болду

Ирандын саламаттык сактоо министринин орун басары Али Рыза Реиси, Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАга маалымат берди.

1319532
Иранда сасык тумоодон 81 киши каза болду

Иранда сасык тумоонун себебинен 81 киши каза болду.

Ирандын саламаттык сактоо министринин орун басары Али Рыза Реиси, Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАга берген маалыматында акыркы бир жуманын ичинде 8333 кишинин сасык тумоого чалдыкканы боюнча даттануусу менен ооруканаларга кайрылганын айтты.

Бул кишилерден орто эсеп менен жарымынын деми кысылышынын себебинен 2 күндөн ашык убакыттан бери ооруканада жатканын билдирген Реиси, башка бейтаптардын болсо аякта дарылангандарын белгиледи.

Реиси, өлкөдө өткөн аптада каза болгон 25 киши менен кошо сентябрь айынан бери сасык тумоонун себебинен каза болгондордун санынын 81ге жеткенин маалымдады.

Реиси, оорунун тизгинделиши үчүн атуулдарынан Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын эске алууларын талап кылды.

Иранда акыркы айларда Гүлистан, Мазендаран, Кехгулийе-Буйер Ахмед, Кирман жана Ахваз провинцияларында H1N1 вирусу аныкталганы жарыяланган.



Тектеш кабарлар