АКШ: «Иран акыркы митингдерде миңден ашуун демонстрантты өлтүрүшү мүмкүн»

АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук маалымат берди.

1318607
АКШ: «Иран акыркы митингдерде миңден ашуун демонстрантты өлтүрүшү мүмкүн»

АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук, акыркы митингдер убагында Ирандын коопсуздук күчтөрү миңден ашуун демонстрантты өлтүрүшү мүмкүн экенин айтты.

Мамлекеттик катчылыкта өткөрүлгөн маалымат жыйында Ирандагы акыркы митингдерге сереп салган Хук, окуялардагы өлүмдөр боюнча Иран өкмөтүн күнөөлөдү.

Хук өлкөдөн келген отчетторго таянып Иранда миңден ашуун митингчинин коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөндүгүн ойлоп жаткандарын айтты.

Хук: «Бул митингдер Иран режиминин акыркы 40 жылда башынан өткөргөн эң жаман саясий кризис болуп саналат»,-деди.

Ошондой эле Ирандын түштүгүндөгү бир аймакта болгон митингдерде коопсуздук күчтөрүнүн демонстраттарга ок аткандыгы жана 100дөн ашуун киши көз жумгандыгы айтылган окуянын видеосунун АКШ органдары тарабынан көрүлгөндүгүн да айтты.



Тектеш кабарлар