Орусия куралдануу жарышына кирбейт

Орусия президенттигинин катчысы Дмитрий  Песков экономикагы зыянын тийгизе турган куралдануу жарышына кирбей тургандарын белгиледи.

1317658
Орусия  куралдануу жарышына кирбейт

Орусия президенттигинин катчысы Дмитрий  Песков экономикагы зыянын тийгизе турган куралдануу жарышына кирбей тургандарын белгиледи.

Песков Орусиянын Сочи шаарында журналисттерге берген маалыматында Британиянын борбор шаары Лондондо болуп жаткан НАТО лидерлер саммити тууралуу баа берди.

НАТОну бюджет арттырууга карата пландары боюнча сынга алган Песков : «Бул багытта ташталган кадамдар союздаштыктын жайылуучу саясаттарына карата тынчсызданууларыбызды тактап жатат. Бул биз үчүн тынчсыздануу жаратууда»,- деди.

Орусиянын НАТО менен куралдануу жарышына кирүүнү пландабагандыгын белгилеген Песков : «Орусиянын президенти В. Путин  мындан мурда да айткандай экономика зыянын тийгизе турган куралдануу жарышына кирбейбиз»,- деди.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг бир канча убакыт мурда берген маалыматта НАТО бюджетинин 2024 -  жылга чейин 400 миллиард долларга чыгарын айткан.

 

 



Тектеш кабарлар