НАТОнун Лондон декларациясы жарыяланды

НАТОнун Лидерлер Саммитинин жыйынтык билдирүүсүндө Түркиянын терроризм тууралуу санааркоолоруна орун берилди.

1317708
НАТОнун Лондон декларациясы жарыяланды

Түндүк Атлантика Келишими Уюмунун (НАТО) 70 жылдык мааракесин белгилөө үчүн Англиянын борбор шаары Лондонго чогулган шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери, биргелешкен декларация жарыялашты.

НАТОнун Лидерлер Саммитинин жыйынтык билдирүүсүндө Түркиянын терроризм тууралуу санааркоолоруна орун берилди. Терроризмдин бардык түрлөрү жана көрүнүштөрү менен ар ким үчүн коркунуч болуусу уланып жатканы баса белгиленди.

Европалык шериктештердин коргонуу каржылоолорун 5 жылдан бери арттырганы, коргонууга  130 миллиард доллардан ашык инвестиция салынганы белгиленген декларацияда айрыкча, «Кытайдын улам арткан калкынын саны жана эл аралык саясаттары алып келген мүмкүнчүлүк жана сыноолорду шериктештер катары бирге колго алышыбыз керек»,делди.

Декларацияда НАТОнун коргонуу максаттуу шериктештик болгону, эч бир өлкөгө коркунуч жаратпаганы баса белгиленди.

Орусиянын орто аралыкка учуучу ракета жайгаштыруусунун натыйжасында Орто аралыктагы өзөктүк ракета күчтөрүнүн келишиминин (INF) соңуна чыгарылышынан кийин «ченемдүү жана өлчөмдүү» алдын алуулардын даярдыгы көрүлгөнү жарыяланган декларацияда, «Орусиянын мамилелери уруксат берип турса диалог жана конструктивдүү карым-катнашка даярбыз»,деген баа берилди.

Декларацияда коопсуздуктун камсыздалышы үчүн келечекке багытталуу жана ушул алкакта технологиялык үстөмдүктүн корголушу керектигине шилтеме кылынды.

НАТОнун «ачык каалга саясатынын» колдоого алынганы белгиленген декларацияда, Түндүк Македониянын жакында шериктештиктин 30-мүчөсү болуп кошула турганы эске салынды.

Декларацияда НАТОнун лидерлеринин 2021-жылы кайрадан чогула турганы жарыяланды.



Тектеш кабарлар