АКШ Ливанга карата аскердик жардамын берүү чечимин чыгарды

АКШ октябрь айында Ливанга карата токтоткон 105 миллион долларлык аскердик жардамды кайрадан баштоо чечимин чыгарды.

1316710
АКШ Ливанга карата аскердик жардамын берүү чечимин чыгарды

АКШ октябрь айында Ливанга карата токтоткон 105 миллион долларлык аскердик жардамды кайрадан баштоо чечимин чыгарды.

АКШ Конгрессиндеги кээ бир жетекчилердин билдиргенине караганда АКШнын президенти Дональд Трамп башкаруусу чечимге байланыштуу Конгресс мүчөлөрүнө маалымат берди.

Берилген маалыматта бул жардамдын мындан мурда эмне себеп менен токтотулгандыгы белгиленбестен Ливан армиясынын эң кыска убакытта кайрадан жардам ала баштай тургандыгы билдирилди.

Трамп башкаруусу октябрь айында Ливанга берилген 105 миллион долларлык аскердик жардамды токтотушкандарын билдирген бирок чечим тууралуу эч бир себеп көрсөткөн эмес.

Октябрь айында аскердик жардамды токтотуу чечимине каршы чыккан Конгресс жана Пентагон Ливандын  аймактагы Иран иштерине каршы жана террор менен күрөштө маанилүү роль ойногондугун, бул чечимдин Ливан армиясын күчсүздөнтөрүн жактаган.

Бир тараптан респубикачылдардын Тексас сенатору Тед Круз жана башка Израиль жактоочусу сенаторлор болсо Ливан башкаруусундагы Хизбуллах жактоочуларын негиз катары көрсөтүп, курал жардамынын токтотулушун колдогон.



Тектеш кабарлар