Ирандан төрт өлкөгө коркутуу

Иран Төңкөрүш Гвардиясынын командири генерал Хүсейин Селами  : «Кызыл сызыктарыбыздан аша турган болсоңор силерди жок кылабыз»,- деди.

1312575
Ирандан төрт өлкөгө коркутуу

 Иран Төңкөрүш Гвардиясынын командири генерал Хүсейин Селами  АКШ, Британия, Израиль жана Сауд Арабияга кайрылып : «Кызыл сызыктарыбыздан аша турган болсоңор силерди жок кылабыз»,- деди.

Иранда режим жактоочулары өткөн жумада бензиндин баасынын көтөрүлүшүнө каршылык көрсөтүү максатында борбор шаар Тегеранда кечээ митинг өткөрүштү.

АКШ, Израиль жана Сауд Арабияга каршы митингде 15 -  ноябрда бензин  баасынын 300 пайыз көтөрүлүшүнө каршы чыккандар «бузукулар» деп айыпталды. Митингде президент Хасан Рухани өкмөтүнө каршы валюталарды да алып жүрүштү.

Төңкөрүш Гвардиясынын башкы командири Селами бул жерде сүйлөгөн сөзүндө бензиндин баасынын көтөрүлүшүнө  көрсөтүлгөн каршылыкты «согуш» жана «сценарий» деп мүнөздөдү. Селами окуялардын артында экендигин айткан өлкөлөрдү бутага алуу менен : «АКШ, Британия, Израиль жана Сауд Арабияга кайрылам : бизди сынап көрдүңөр жана шапалакты жедиңер бирок жооп берген жоксуңар. Дүйнө бул шапалактардын кээ бирин көрдү кээ бирин көргөн жок. Күтүп тургула. Кызыл сызыкты аша турган болсоңор силерди жок кылабыз»,- деди.

АКШ санкцияларынын да таасири менен экономикалык жактан кыйын күндөрдү өткөргөн Иран калкы 15 -  ноябрда бензиндин баасынын 3 эсе көтөрүлгөндүгү  билдирилгенден кийин  өлкөнүн бир топ шаарында митингдерди баштаган.

Митингдерде бир топ шаарда коомдук имараттар, банктар, бензин станциялары жана маркеттер талкаланды. Эл аралык Амнистия Уюму окуяларда эң аз 143 митингчинин каза болгондугун билдирген.



Тектеш кабарлар