Орусияда суук аба

Верхоянск шаарында абанын температурасы -50 градуска төмөндөдү.

1311920
Орусияда суук аба

Орусияга караштуу Саха Республикасынын Верхоянск шаарында абанын температурасы -50 градуска төмөндөдү.

Верхоянсктагы бир мектепте директордун орун басары болгон Галина Дабанова, шаардагы -50 градуска төмөндөгөн суук абадан улам 1-класстан 7-класска чейинки окуучулар үчүн мектептер жабылганын айтты.

Дабанова: «Биздин мектепте 207 окуучу билим алып жатат. Өткөн жумада абанын температурасы -30 градус эле. Бүгүн аба ырайы -51 градус жана катуу шамал болуп жатат. Ушул себептен мектептер жабылды»,-деди.

Саха Республикасынын Верхоянск жана Оймякон шаарлары, абанын температурасы -67 градуска чейин төмөндөгөндүктөн дүйнөдөгү эң суук жерлер деп эсептелет.



Тектеш кабарлар