Йемендеги оору 60 кишинин өмүрүн алды

Йеменде денге безгеги жана малярия күч алууда.

1311561
Йемендеги оору 60 кишинин өмүрүн алды

 

Йемендин Ходейда шаарында көпчүлүгү балдардан турган жалпы 60 киши денге безгеги жана маляриядан көз жумду.

Йемендеги жарандык коомдук уюмдардын бири жарыялаган отчетто, хусилердин көзөмөлүндөгү Ходейда шаарында акыркы бир айдын ичинде 12 жашка чейинки 46 бала, 9 эркек жана 5 аялдын денге безгеги жана маляриянын себебинен каза болгондугу белгиленди. Маалымдалгандай бул эки оору менен жалпы 7 миң киши күрөшүп жатат.

Көптөн бери саясий ыраатсыздык өкүм сүргөн Йеменде Иран колдогон хусилер менен Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) колдоосун алган өкмөткө караштуу күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар болуп жатат.

Кагылышуулар жана абадан кол салууларга дуушар болгон өлкөдө жетишсиз тамактануу, дары-дармектердин жетишсиздиги менен катар ооруканалардын жабылып каылышы сыяктуу себептерден улам бир катар оорулар күч алууда.



Тектеш кабарлар