Иракта ДЕАШ кол салды

Ирактын Керкүк аймагында ДЕАШ террордук уюм тарабынан жасалган кол салууда 2 полиция каза болду.

1310880
Иракта ДЕАШ кол салды

Ирактын Керкүк аймагында ДЕАШ террордук уюм тарабынан жасалган кол салууда 2 полиция каза болду.

Керкүк коопсуздугунан бир полициянын берген маалыматына караганда Решад аймагында бир коопсуздук жерине жасалган кол салууда эки полиция кызматкери каза болду.

Бир киши жараланган кол салуудан кийин террористтер окуя болгон жерден качып кетишкен.

Ирак башкаруусу 2017 -  жылы декабрда ДЕАШ террордук уюмуна каршы күрөштө ийгиликке жетишкендигин, террористтер тарабынан алынган жерлердин баарынын кайра алынгандыгын жарыялаган.

Кээ кээде уктаган клеткаларын аракетке өткөргөн ДЕАШ террордук уюм өзгөчө Керкүк, Селахаддин жана Дияла аймактарынын арасында кол салууда.

 



Тектеш кабарлар