Ахмед ер   -  Райсуни Францияны күнөөлөдү

Ахмед ер Райсуни өзүнө таандык интернет сайтында «Исламга эң душман өлкө Франция» деген темада макала жарыялады.

1310132
Ахмед ер   -  Райсуни Францияны күнөөлөдү

Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин төрагасы Ахмед ер   -  Райсуни мусулмандардын Европада учураган расист кол салуулардан улам Францияны күнөөлөдү.

Ахмед ер Райсуни өзүнө таандык интернет сайтында «Исламга эң душман өлкө Франция» деген темада макала жарыялады.

Райсуни Европадагы мусулмандар дуушар болгон расист, саясий, мыйзамдуу жана социалдык кол салуулардын баарынын оболу Францияда болгондугун, андан кийин да башка Европа өлкөлөрүнө өткөрүлгөндүгүн билдирди.

Көптөгөн өлкө жана режимдин радикализм жана террор менен күрөшүү деген аттын астында мусулмандар менен согушкандыгын  айткан Райсуни  Франциянын исламга, маданиятына жана тилине каршы эми ачык түрдө  согуш баскычына өткөндүгүн белгиледи.

Европада  мечиттер эң көп жабылган жана бул мечиттерди ачууну каалагандардын көптөгөн тоскоолдук менен беттешкен өлкөнүн Франция экендигине токтолгон Райсуни бул өлкөнүн азыр да өзүн Африкадагы колониялардын коргоочусу катары көргөндүгүн жана бул жерлердеги исламдык иштерди жок кылууга аракет кылгандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар