Рухани: «Өзөктүк келишимдин токтоп калышы дүйнөгө зыян келтирет»

Рухани: «АКШ дүйнөнүн лидери эмес экенин түшүнүшү керек»,-деди.

1309453
Рухани: «Өзөктүк келишимдин токтоп калышы дүйнөгө зыян келтирет»

Ирандын президенти Хасан Рухани, ядролук келишимдин токтоп калышынын бүткүл дүйнө өлкөлөрүнө зыян келтире турганын, ушул себептен ар кимдин эл аралык кызыкчылыктарды коргоого багытталышы керектигин айтты.

Ирандын Президенттик аппаратынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Рухани, Австралиянын Тегерандагы  жаңы элчиси Линдалл Жейн Сакстын ишеним громатасын кабыл алуусунда: «АКШ дүйнөнүн лидери эмес экенин билиши керек. АКШ деле ар бир өлкө сыяктуу эле өлкө болуп саналат»,-деди.

Көз карандысыз өлкөлөрдүн АКШнын чыгарган чечимдерине каршы чыгуусун каалаган Рухани: «Ядролук келишимдин токтоп калышы дүйнөгө зыян келтирет. Ошондуктан ар ким дүйнөнүн кызыкчылактарын коргоого аракет кылышы керек. АКШнын санкциялары акыры аяктайт, муну көпкө уланта алышпайт»,-деп айтты.

Бир тараптан Рухани, Пакистан армиясынын башкы командири, генерал Камер Жавидди кабыл алуусунда болсо, эки өлкөнүн ортосунда курулушу уланып жаткан түтүк жолду Пакистан чек арасына чейин жеткиргендерин билдирди.

Ирандын президенти, чек ара коопсуздугу жана аткезчиликке каршы күрөшүү темасында да Исламабад менен биргелеше кыймыл кылгандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар