Израиль аскерлери Батыш Шериада бир палестиндиктин эки үйүн кулатты

Рамаллахтын Шакба аймагында Махмуд Абдулжаббарга таандык эки үй Израиль аскерлери тарабынан жер менен жексен кылынды.

1309668
Израиль аскерлери Батыш Шериада бир палестиндиктин эки үйүн кулатты

Израиль аскерлери басып алган Батыш ШерианынРамаллах шаарында бир палестиндикке таандык эки үйдү уруксатсыз деген негиз менен кулатты.

Рамаллахтын Шакба аймагында Махмуд Абдулжаббарга таандык эки үй Израиль аскерлери тарабынан жер менен жексен кылынды.

Израиль аскерлери кулатуудан мурда аймакты курчоого алып үйлөрдүн тегерегине эч кимди жакындаткан жок. Армияга караштуу топтор да бульдозерлор менен 15 палестиндик жашаган үйдү кулатты.

Израиль 1967 -  жылдан бери басып алган Чыгыш Кудс жана Батыш Шериада палестиндиктерге таандык үй жана башка курулуштарды түрдүү негиздер менен кулатууда.

Жергиликтүү булактар өткөн жылы гана  Чыгыш кудс жана Батыш Шериада палестиндерге таандык  538 үй жана иш жерлерин уруксатсыз деген негиз менен Израиль тарабынан кулатылгандыгын айтышууда.



Тектеш кабарлар