Пакистан коргонуу тармагындагы экспорттон 31 миллиар рупилик кирше тапты
Пакистан коргонуу боюнча өндүрүш министри Зубаида Жалал бул жылы 2018 - жылдагы коргонуу экспортун үч эсеге чыгарышкандарын айтты.
Пакистан коргонуу боюнча өндүрүш министри Зубаида Жалал акыркы бир жылда Пакистандын коргонуу тармагында ишке ашырган экспорттон 31 миллиард Пакистан руписи киреше тапкандыгын билдирди. Жалал Пакистандын Түркияга саткан «Супер Мушхак» машыгуу учагы таанытылган Бириккен Араб Эмирликтериндеги Дубай Airshow 2019 авиация жарманкесинде сөз сүйлөдү. Пакистан өндүрүп дүйнөгө саткан коргонуу өнөр жай продукцияларынын башында турган машыгуу учагынын инженерлери менен да жолугушкан Жалал бул жылы 2018 - жылдагы коргонуу экспортун үч эсеге чыгарышкандарын айтты.
Жалал өлкө чыгарган ЖФ -17 аскердик учактардын да дүйнөдө кызыгуу көргөндүгүн айтып : «Бул жылы коргонуу тармагындагы продукцияларыбыздын экспортунан 31 миллиард Пакистан руписи кирше алдык. Мунун келерки жылдарда да өсүшүн күтүп жатабыз»,- деди.
Пакистан араларындаТүркия менен Азербайжан да болгон 7 өлкө менен "Супер Мушхак" машыгуу учагын сатуу кклишимине кол койду. ЖФ - 17 учактарынын 19зу Мьянма жана Нигерияга сатылды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.