ЙПГ/ПКК жактоочулары орус аскердик унаасына кол салды

Айнул Араб районунда түрк аскерлери менен бирдикте күзөттө турган орус аскердик унааларына күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү  ыргытты.

1308924
ЙПГ/ПКК жактоочулары орус аскердик унаасына кол салды

ЙПГ/ПКК террордук уюмдун мүчөлөрү Сириянын түндүгүндөгү Айнул Араб районунда түрк аскерлери менен бирдикте күзөттө турган орус аскердик унааларына күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү  ыргытты.

Айнул Арабда  түрк жана Орусия аскерлеринин биргелешкен кургактык күзөтүндө террордук уюмдун жактоочулары ок өткөрбөс унааларга тоскоол болууга аракет кылды.

Унаалардын алдына чыгып таштарды ыргыткан уюмдун жактоочулары жолдорго бетон блок сыяктуу тосмолорду коюп күзөт иштерине тоскоол болду.

ЙПГ/ПКК жактоочулары күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргыткан Орусия аскердик унааларынан бирөөсүнүн арт жагы күйүп, унаа бир канча убакыт токтогондон кийин жолун улантты.

Тынчтык булагы операциясынын башталышы менен Сириянын түндүгүндөгү отурукташуу жерлеринде жарандык кийим менен жүргөн террористтердин биргелешкен күзөттү провакация кылууга аракет кылгандыгы белгилүү болду.

Түркия менен Орусиянын 8 -  ноябрда баштаган биргелешкен аскердик күзөтүндө ок өткөрбөс унаага чыгууга аракет кылган провакаторлордон бирөөсү жерге түштү жана террордук уюмдун жактоочулары жерге кулаган кишинин жаран экендигин айтышкан бирок жерге кулагандан кийин каза болгондугу айтылган кишинин соцтармак эсебинде ЙПГ/ПКК террористти экендигине байланыштуу көп сандаган сүрөттөрдүн бар экендиги билдирилди.  



Тектеш кабарлар