Жашыл зонага жакын жерге ракета атылды

Жашыл зонада өкмөттүк имараттар жана чет өлкөлүк миссиялардын өкүлчүлүктөрү жайгашат.

1308143
Жашыл зонага жакын жерге ракета атылды

Ирактын баш калаасы Багдадда өкмөттүк имараттар жана чет элдик миссия өкүлчүлүктөрү жайгашкан Жашыл зонага жакын жерге ракеталык кол салуу болду.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, Жашыл зонага жакын жерге 3 ракета атылды.

Кол салуунун кимдер тарабынан ишке ашырылгандыгы жөнүндө маалымат берилген жок.

Багдаддын борборундагы Жашыл зонага карай ракеталык кол салуулар көп катталат.



Тектеш кабарлар