Түндүк Корея менен АКШ атомдук сүйлөшүүлөрүн баштайбы?

Түндүк Корея, АКШнын атомдук сүйлөшүүлөрдү декабрь айында кайрадан баштоону сунуштаганын билдирди.

1307154
Түндүк Корея менен АКШ атомдук сүйлөшүүлөрүн баштайбы?

Пхеньяндын атомдук сүйлөшүүлөрдөгү башкы сүйлөшүүчүсү Ким Мён Гил, расмий кабар агенттиги KCNAдагы жарыясында АКШ башкаруучулугунун Түндүк Корея боюнча атайын өкүлү Стивен Бигундун 3-өлкөнүн арачылыгы менен өздөрүнө декабрда сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоо сунушун кылганын белгиледи.

Бигундун түздөн-түз өзүнө байланышпастан 3-тарапка кайрылуусун түшүнө албаганын айткан Ким: «Бигундун мамилеси АКШ туурасында бир гана шек саноону жаратууда»,-деп айтты.

АКШ бийлигинин чечүүчү жол табууну алып келбеген сүйлөшүүлөр менен убакыттан утууну максаттаган учурунда, бул сүйлөшүүлөр менен алектенбей тургандарын баса белгилеген Ким: «Чечүүчү жол табуу мүмкүн болгон темаларда АКШ менен кайсы бир жерде, кайсы бир убакта жолугушууга даярбыз»,-деп айтты.

Түндүк Корея жана АКШнын ортосунда 5-октябрда Швейцарияда болгон жолугушуулар алгачкы күнүндө үзгүлтүккө учурап, Пхеньян башкаруучулугу АКШ тарабынын душмандай мамилесин өзгөртө турган канагаттандыраарлык кадам таштамайынча Түндүк Кореянын «бул тажатуучу сүйлөшүүлөрдү» улантуу ниети болбогонун маалымдаган.

Түндүк Кореянын башкы сүйлөшүүчүсү Ким Мён Гил, сүйлөшүү процессинин кайрадан башталышынын АКШнын мамилесине көз каранды болгонун белгилеп, Вашингтонго жылдын акырына дейре мөөнөт берген.



Тектеш кабарлар