Афганстанда жарылуу жана кол салуу болду

Афганстандын Хост аймагынын Сабери районунда болгон жарылууда бир бала каза болду.

1307245
Афганстанда жарылуу жана кол салуу болду

Афганстандын Хост аймагынын Сабери районунда болгон жарылууда бир бала каза болду.

Сабери райондук акими Абдулхай Зазаи массалык маалымат каражаттарына берген маалыматында Сабери районунун борборунда жол жээгине жайгаштырылган бомбанын жарандарды ташыган унаа өтүп бара жаткан учурда жардырылгандыгын айтты.

Жарылууда бир баланын каза болгондугун айткан Зазаи 2 жарандын да жаралангандыгын белгиледи. Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.

Бир тараптан  Тахар аймагы Варсаж районунун коопсуздук директору Мохаммед Афзал Хакими Баглан аймагынын Хост районунда учураган куралдуу кол салууда каза болду. Коопсуздук директорунун 3 коргоочусу да каза болгон кол салуу тууралуу тергөө баштатылды. Кол салууну Талибан моюнга алды.



Тектеш кабарлар