Трампка импичмент жарыялоо боюнча ачык отурумдар башталды

Коомчулукка ачык Өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитетиндеги алгачкы отурумда АКШнын Киевдеги мурдагы элчиси Уильям Тейлор жана Мамлекеттик департменттин кызматкери Жорж Кент түшүндүрмөлөрүн берди.

1306673
Трампка импичмент жарыялоо боюнча ачык отурумдар башталды

АКШнын президенти Дональд Трампты айыптоо териштирүүлөрүндө элге ачык отурумдар башталды.

Коомчулукка ачык Өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитетиндеги алгачкы отурумда АКШнын Киевдеги мурдагы элчиси Уильям Тейлор жана Мамлекеттик департменттин кызматкери Жорж Кент түшүндүрмөлөрүн берди.

Тейлор: «Украиналыктар АКШнын коопсуздук жардамдары тууралуу абдан санааркап жатышкан. (АКШнын мурдагы вице-президенти жана демократ талапкери) Жо Байден темасында билдирүү жасоого даярдангандарын билемин»,-деди.

Кент да, «Украинанын 2016-жылдагы Президенттик шайлоолорго кийлигишкени боюнча айтымдар тууралуу, «Менин билишимче булар негизсиз»,-деп айтты.

Бир тараптан Дональд Трамп Твиттер барагынан бөлүшкөн видеодо, «Бүгүн болгон нерсе тарыхыбыздагы эң чоң жасакерлик. Мени токтотууга аракет кылып жатышат, анткени сиздер үчүн күрөшүүдөмүн. Мунун болушуна эч качан уруксат бербеймин»,-деп айтты.

АКШнын президенти Трамптын Украинанын президенти Владимир Зеленский менен июль айында өткөргөн телефондогу сүйлөшүүсүндө Зеленскийге атаандашы Жо Байден жана үй-бүлөсүн териштерген учурунда АКШнын аларга жардам бере турганын айтканы айтымы менен АКШ Конгрессиндеги Демократтар  импичмент териштирүүсүн баштаган.

Трамп болсо Зеленский менен сүйлөшүүсүнүн толугу менен эрежеге ылайыктуу болгонун жактаган, бирок телефондогу сүйлөшүүсүнөн мурда Украинага 400 миллион доллардык аскердик жана финансылык жардамдын токтотулганын билдирүүсү көңүлдү бурган.



Тектеш кабарлар