Трамп: «Багдадинин ордуна келген үчүнчү адамынын кайда экендигин билебиз»
Трамп Нью-Йоркто суроолорго жооп берди.
1305503
АКШнын президенти Дональд Трамп көңүл чордону террордук уюм ДЕАШтын өлтүрүлгөн корбашчысы Эбубекир аль-Багдадинин үчүнчү адамынын үстүндө экенин билдирди.
Трамп Нью-Йоркто Экономика клубундагы сөз сүйлөөсүнөн кийин өзүнө узатылган суроолорго жооп берди.
Багдади менен террордук уюмдун катчысы Абу Хасан аль-Мухасирдин өткөн айда Сириянын Идлиб шаарында АКШ күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөндүгү жөнүндө маалымат берген Трамп, уюмдун үчүнчү лидери Абу Ибрагим аль-Хашими аль-Курайшинин да кайда экендигин билгендерин айтты.
Трамп: «Көңүл чордонубуз Багдадинин ордуна келген үчүнчү адамдын үстүндө. Үчүнчүнүн көйгөйлөрү бар анткени анын кайда экендигин да билебиз»,-деди.