АКШнын абадан кол салуусу
АКШга таандык учкучсуз учуучу аппарат ооган жарандарын бомбалады.
1305402
Ооганстандын Пактия облусунда АКШга таандык учкучсуз учуучу аппараттын кол салуусунан 7 жаран көз жумду.
Пактияда Облустук кеңешинин милдетин аткаруучу Аллахмир Бехрамзуй журналисттерге берген маалыматында, АКШ бөлүктөрүнө таандык учкучсуз учуучу аппараттын Пактиянын Арюб Зазай районунда жарандарды бомбалаганын айтты.
Кол салууда 7 тургундун көз жумганын билдирген Бехрамзуй, каза тапкандардын арасында балдардын да болгонун белгиледи.
Ооганстандагы АКШ бөлүктөрүнөн бул туурасында азырынча маалымат бериле элек.