АКШ Сирияда 500 же 600 аскер калтырат

Бул туурасында АКШнын башкы штабынын башчысы Марк Милли маалымат берди.

1303956
АКШ Сирияда 500 же 600 аскер калтырат

АКШнын башкы штабынын башчысы Марк Милли, өлкөсүнүн Сириядагы аскерлери тууралуу маалымат берди.

Милли ABC телеканалына берген маегинде, АКШнын террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүүсүн улантуу үчүн Сирияда аскерлерин жайгаштырууну уланта турганын белгилеп: «Аскерлердин саны миңден аз болоору так, балким 500 же 600 болот»,-деди.

Милли террордук уюм ДЕАШка каршы кысым улантылбаган учурга, уюмдун кайрадан жанданышы мүмкүн экенин айтты.

Террордук уюм ДЕАШтын корбашчысы Эбубекир аль-Багдадинин өлтүрүлүшү уюмга кыйратуучу таасир жаратканын белгилеген Милли, уюмдун жаңы лидери тууралуу көп маалыматка ээ экендиктерин, мүмкүнчүлүк табылганда аны дагы кармай тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар